КР ТИМинин 2023-жылдын 7-сентябрына карата маалыматтык билдирүүсү

КР жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги америка тарабы менен өз ара негизде айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгеледи. Америка тарабы менен макулдашуулар жетишилгенде, КР ТИМи тарабынан расмий маалымат жарыяланат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандарынын АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин сактоосу визаларды тариздөө тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашууларга жетүүгө шарт түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK