КР ТИМинин 400 чет элдик жарандын кармалышы тууралуу маалыматтык билдирүүсү
Санкт-Петербургда текшерүү үчүн 400 чет элдик жарандын кармалышы тууралуу маалыматка байланыштуу, Элчилик төмөндөгүнү билдирет.
Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, укук коргоо органдары чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу Санкт-Петербургдун бир катар райондорунда чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү үчүн рейддерди жүргүзүшкөн.
Жалпысынан 400гө жакын чет өлкөлүк жаран миграциялык мыйзамдардын сакталышына текшерүүдөн өттү.
Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын октябрында 1 Кыргыз Республика жараны миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Россиядан чыгарылууну күтүүдө.