КР ТИМинин Кыргызстандын жарандарын Афганистандын аймагынан эвакуациялоо боюнча аткарып жаткан жумушу тууралуу маалыматтык билдирүүсү

Афганистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кыргызстандын жарандарын Афганистандан эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, россиялык тараптын көмөгү менен, атайын авиабортту уюштуруунун натыйжасында 2021-жылдын 25-августунда Афганистан Ислам Республикасынан 10 кыргызстандык, алардын ичинде жашы жете элек балдар "Кабул-Кант" каттамы боюнча алынып келинди

Ошону менен, 2021-жылдын 25-августуна карата Афганистандан Кыргыз Республикасынын 36 жараны эвакуацияланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK