КР ТИМинин Шереметьево эл аралык аэропортундагы абал боюнча маалыматтык билдирүүсү

Шереметьево эл аралык аэропортундагы абал боюнча Элчилик төмөнкүнү кошумча маалымдайт.

2021-жылдын 6-октябрында Кыргызстандан Шереметьево эл аралык аэропортуна учкан бардык кыргыз жарандары чек ара пунктунан өтүшкөн.

7-октябрда Кыргызстандан Шереметьево эл аралык аэропортуна эртең менен үч рейс болгон, акыркы саат 09.42те конгон, анын жүргүнчүлөрү мамлекеттик чек араны кесип өтүшкөн, 1 жаранды кошпогондо, себеби ал адамга Россияга кирүүгө тыюу салынганы билинген.

Чет өлкөлүк жарандардын Россияга келүүсүнө карата күчөтүлгөн текшерүү чаралары башка чет мамлекеттердин жана Кыргызстандын коңшу өлкөлөрүнүн жарандарына дагы жүргүзүлүп жатат.

Элчиликтин кызматкерлери Россиянын чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK