КР ТИМинин Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Кыргыз Республикасынын жараны боюнча маалыматтык билдирүүсү

2022-жылдын 1-мартында Стамбул шаарынын Умрание районунда Кыргыз Республикасынын жараны «А.А.» менен анын жарандык күйөөсү Түркмөнстан жараны «А.У.» ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен, «А.А.нын» тамагына бычак сайылып каза болгон.

Тиешелүү органдардын маалыматына караганда, 24-февралда жаран «А.А.» Стамбул шаарынын ички иштер башкармалыгына өзүнүн күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган, анын кесепетинен «А.У.» кармалып, изоляторго жаткырылган. Кийинчерээк иштин материалдары кылмыш иштери боюнча сотко өткөрүлүп берилген.

Шектүү соттун чет жакка чыгууга жана «А.А.» аттуу жаранга жакындашууга тыюу салуу чечиминин негизинде бошотулган. Эркиндикке чыккандан 6 күндөн кийин «А.У.» жакын келүүгө тыюу салуу чечимин бузуп, оозеки чыр-чатак учурунда тамагына бычак сайып, жаран «А.А.» ошол жерде каза болгон.

Шектуу полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, соттук териштирүүгө чейинки камакта.

Учурда башкы консулдуктун жардамы менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK