КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия + Япония» диалогунун ТИМК 9-отурумуна катышты

2022-жылдын 24-декабрында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Токио шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына арналган «Борбордук Азия + Япония» диалогунун 9-отурумуна катышты.

Министр Ж.Кулубаев 30-жыл ичинде өз ара аракеттешүүдө жетишилген кыргыз-япон мамилелеринин деңгээлин жогору баалады. Кыргызстан Япония менен жалпы демократиялык баалуулуктар жана өз ара ишенимдин негизинде бекем достук жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык мамилелер түзүлгөндүгүнөн негизги тышкы саясий өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелет экенин баса белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы Япониянын шексиз саясий колдоосун жана финансылык-экономикалык жардамын, анын ичинде «Бир айыл – Бир продукт» долбоорун жана адамдык өлчөмдөгү программалар, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин эксперттик потенциалын жогорулатуу боюнча долбоорлор ишке ашырууну жогору баалаарын белгиледи.

Ошону менен бирге, геосаясий туруксуздук, глобалдык коопсуздук кризистери жана өлкөлөрдүн аскердик-саясий блокторго бөлүнүшү шартында, эл аралык туруктуулукту жана ишенимди калыбына келтирүүгө жол БУУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу диалог, өз ара каттоо жана алардын ар биринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо тегиздигинде турганын баса белгиледи.

Ошондуктан япон тараптын диалог түзүү өз убагында жана стратегиялык жактан текшерилген сунушу болгонун белгиледи. Кыргызстан диалогдун практикалык потенциалын ачууга, диалогду мындан ары өнүгүүсүн жана бардык багыттар катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп берген долбоорлорго жана иш-чараларга катышууга кызыкдар экенин белгиледи.

Тышкы иштер министри Е.Хаяси өз сөзүндө Япония Борбор Азия региону менен кызматташууга өзгөчө маани берерин жана өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарындагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү уланта берерин белгиледи. Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын дипломатиялык мамилелери орногондон берки 30 жылдын ичинде толук кандуу туруктуу саясий диалог курууга, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө жетишилгенин кошумчалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK