КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын КРдагы Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту

2022-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча жана Казакстандын Президенти К.-Ж. Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташуу маселелери да талкууланды. Өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча мамлекеттер аралык диалогду бекемдөө ишинде Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын маанилүүлүгүнө көңүл бурулуп, аймактык диалогду улантуунун зарылдыгы баса белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK