КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркмөнстандын КРдагы Элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту

2022-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шадурды Мередов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана энергетика чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды андан ары иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, бийик жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшү жана эл аралык документтердин долбоорлорун биргелешип даярдоо маселелери каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK