КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын КРдагы Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту
2022-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшүн карап чыгышты.