КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында “Манас” эпосунун күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү

Бүгүн КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында “Манас” эпосунун күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана Дипломатиялык академиясынын окутуучулар курамы катышты.

Коомдук телерадиокорпорациясында “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын редактору, манас таануучу, манасчы Нурбек Талантбеков тегерек столдун коногу болду. Манасчы аудиторияга дүйнөдөгү ири эпикалык чыгарманын мааниси жана философиялык маңызы жөнүндө кызыктуу кылып  баяндап берди. Айкөл Манастын тышкы саясатына жана дипломатиясына, Эпостун жана исламдын байланышына өзгөчө көңүл бурду. Тегерек столдун катышуучулары тарабынан  эпосту популяризациялоонун жана кыргыздардын маданий мурасын сактоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Иш-чара дипломатиялык кызматтын жаш адистерин, мамлекеттик кызматкерлерди кыргыздын салттуу маданияты жана өөзэки эл чыгармачылыгынын уникалдуу чыгармасы менен тааныштыруу максатында уюштурулгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK