КРдин Элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республиканын Кеңешинин Төрагасы Наталья Кочанова менен жолугушту

2023-жылдын 12-июлунда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республиканын Кеңешинин Төрагасы Наталья Кочанова менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугу менен белгиленип, бул аралыкта өлкөлөр ортосунда тыгыз достук жана өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн белгилешти.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында да, Евразия мейкиндигиндеги эл аралык парламенттик уюмдардын алкагында да, парламенттер аралык кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Беларусь Республикасынын парламентинин Жогорку палатасынын Төрагасы Н.И. Кочанова өлкөдө кыргыз-беларус мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң көңүл бурарын белгиледи. Бул контекстте тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнө канааттангандыгын билдиришип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиевдин Беларусь Республикасына быйылкы жылы расмий сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн парламенттеринин арасында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK