КРдин Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев Германия Федералдык Өкмөтүнүн Түштүк Кавказ, Молдова жана БА өлкөлөрү менен коомдор аралык байланыштар боюнча координатору,  Бундестадын депутаты Робин Вагенер менен жолугушту

2023-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Омурбек Текебаевдин Германия Федералдык Өкмөтүнүн Түштүк Кавказ, Молдова жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен коомдор аралык байланыштар боюнча координатору,  Бундестадын депутаты Робин Вагенер менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстандагы жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаал боюнча пикир алмашышты. Тараптар Кыргызстан менен Германиянын коомдор аралык мамилелеринин маселелери боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK