КРдин Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчиси Р.Аданов Бахрейн Королдугуна ШКуда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземине катышты

2023-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчи – кичи элчиси Рахман Аданов Бахрейн Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземине жана ШКУнун Башкы катчысы Чжан Миндин ШКУнун Катчылыгына караштуу мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү үчүн брифингине катышты.

Аталган брифингдин жүрүшүндө ШКУнун Башкы катчысы катышуучуларга өзүнүн бир катар чет мамлекеттерге болгон иш сапарлары тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK