КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков «Толмачево аэропорту» ААКнын башкы директору Евгений Янкилевич менен жолугушту

2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков «Толмачево аэропорту» ААКнын башкы директору Евгений Янкилевич менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Толмачево» эл аралык аэропортунун Бишкек жана Ош шаарларынын эл аралык аэропорттору менен кызматташуусун бекемдөө жана өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде «Толмачево» эл аралык аэропорту аркылуу Кыргызстан менен Россиянын шаарларынын ортосундагы транзиттик жүргүнчүлөрдү ташууларды көбөйтүү маселелери талкууланды.

Маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында Толмачево аэропортунун жетекчилиги Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу фотокөргөзмө уюштуруу менен Толмачево аэропортунда Кыргыз маданиятынын күнүн өткөрүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле, 2023-жылдын 4-майында Башкы консул А.Айдарбеков Сибирь (S7) авиалиниясынын башкы өкүлү Евгений Чернышев менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандын транзиттик потенциалы талкууланды, атап айтканда, «Манас» эл аралык аэропортунун россиялык жүргүнчүлөр үчүн транзиттик аэропорт катары мүмкүнчүлүктөрү, мында Turkish Airlines, Fly Dubai жана Emirates авиакомпанияларынын күнүмдүк каттамдары бар экендигин эске алуу менен Россиялык жүргүнчүлөр үчүн танзиттик аэропорт катары пайдалануу маслелери талкууланды.

Өз кезегинде «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын жетекчилиги Новосибирск шаарынан Бишкекке жана Ошко каттамдардын жыштыгын жумасына 7ден 10го чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Ысык-Көлдө туристтик сезондун башталышын эске алуу менен Новосибирск-Тамчы багыты боюнча түз аба каттамдары жай мезгилинде жумасына 4 жолу каттай баштайт.

Маалымат үчүн: Новосибирск эл аралык аэропорту («Толмачево») В.И. А.И.Покрышкина - эң интенсивдүү өнүгүп жаткан федералдык аэропорттордун бири жана Европа менен Азияны байланыштырган эң маанилүү каттамдар боюнча эң чоң транзиттик түйүн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK