КРдин РФтеги Элчиси Гулнара-Клара Самат РФтин Сенатору, РФтин Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Баир Баясхаланович Жамсуев менен жолугушту

Ушул жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гулнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Сенатору, Россия Федерациясынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Баир Баясхаланович Жамсуев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-россия кызматташтыгын тереңдетүү боюнча пикир алмашышты, ошондой эле парламенттер жана региондор аралык кызматташтык аркылуу.

Сүйлөшүү учурунда сенатор эки мамлекеттин парламентарийлери Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу сенатор сентябрда өткөн Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоосунун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Комиссиянын россия тараптан жаңы курамы түзүлөт деди.

Г.-К.Самат өз кезегинде маектешине өлкөдөгү ички саясий абал жана ушул жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу Элчи россиялык парламентарийлердин эл аралык байкоочу катары бул шайлоого активдүү катышуусуна үмүт артарын билдирди.

Мындан тышкары, Элчи Россия Федерациясынын бийлигинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жарандарына туура жана урматтоо мамилесинин маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достук мамилени сактап калуу зарылдыгы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK