КРдин Сауд Арабиядагы Элчиси У.Марипов Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясынын төрагасы Х.Аль-Хувайзи менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Элчиси У.Марипов ушул жылдын 9-июлунда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабия Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясынын төрагасы Хасан Аль-Хувайзи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштери тууралуу айтып берип, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат боюнча кеңири маалымат берди.

Элчи У.Марипов у.ж. 21-августунан тарта «Flynas» авиакомпаниясы Жидда шаарынан Ош шаарына, 2-сентябрьдан тарта Жиддадан Бишкек шаарына үзгүлтүксүз түз каттамдарды аткара баштаарын билдирди. Ошону менен бирге Элчи өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз түз аба катнашынын ачылышы эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө түрткү берип, алардын ортосундагы сооданын көлөмүн жогорулатат деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Х.Аль-Хувайзи кыргыз-сауд кызматташтыгынын өнүгүү динамикасын жогору баалады дагы, эки өлкөнүн болгон соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын максималдуу пайдалануу үчүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. САПтын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын атынан бизнес байланыштарды чыңдоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, жана ошондой эле алдыда пландалган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын учурунда бизнес-форумдарды уюштуруу боюнча макулдашышты.

Маалымат үчүн: САПтын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясына 28 палата кирет. Өлкөнүн түрдүү тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 32 улуттук комитет бар, чет мамлекеттер менен 30дан ашык ишкер кеңештер түзүлгөн. Учурда өлкө боюнча 1 миллион 300 миңден ашык ишкерлер САПтын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясынын мүчөсү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK