КРдин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Москва шаарындагы резиденциясы менен Жаңы Зеландиянын КРдагы жаңы дайындалган Элчиси Сара Мэри Уолш айымдын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары А.Исаев Москва шаарындагы резиденциясы менен Жаңы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сара Мэри Уолш айымдын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү, анын ичинде саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

А.Исаев күн тартибиндеги глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышууда кичи өлкөлөрдүн биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле гидроэнергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкууга салды.

Өз кезегинде Сара Мэри Уолш айым негизги тышкы саясий артыкчылыктарды жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча Жаңы Зеландиянын позицияларын белгиледи. Элчи эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле Жаңы Зеландия Кыргыз Республикасы менен түрдүү тармактарда кызматташууга даяр экенин ырастады.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы умтулууларын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK