КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарында жайгашкан Бенин Республикасынын КРагы жаңы дайындалган Элчиси Акамби Андре Окулола-Биау мырзанын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

2023-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарында жайгашкан Бенин Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Акамби Андре Окулола-Биау мырзанын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы тыгыз кызматташуусун канааттануу менен белгилешип, мамилелерди мындан ары өнүктүрүү максатында жакынкы мезгилде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий кеңешмелерди өткөрүүнүн жана укуктук келишим базаны кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн, биргелешкен аракеттерди жумшоону жана дайым байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK