КРдин Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Академиясы менен биргеликте ЕККУнун Академиясынын жана КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын студенттери үчүн онлайн лекция өткөрдү

2023-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Академиясы менен биргеликте ЕККУнун Академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын студенттери үчүн онлайн лекция өткөрдү. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2022-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен жарыяланган Куралсыздануу жана куралдарды жайылтпоо боюнча биринчи Эл аралык агартуу күнүнө карата уюштурулду.

Негизги лектор катары Дж.Мартин атындагы изилдөө борборунун (Монтерей, АКШ) директору, профессор Уильям Поттер чакырылып, «Ядролук куралсыздануу жана жайылтпоо көйгөйлөрү» деген темада лекция окуду.

Профессор Поттер өз сөзүндө кыргыз тарапка куралсыздануу жана жайылтпоо тармагына кошкон салымы үчүн, атап айтканда, Эл аралык күндү жарыялоо демилгеси үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

ЕККУ Академиясынын жетекчилиги ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Азияда аймактык жана эл аралык кызматташууга, чыр-чатактарды алдын алууга жана натыйжалуу башкарууга көмөк көрсөтүүгө багытталган демилгелерин белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү куралсыздануу жана жайылтпоо чөйрөсүндөгү коопсуздуктун азыркы архитектурасы боюнча жалпы коомчулуктун сабаттуулугун жогорулатуу жана сабаттуулукту адамдын өнүгүүсүнө ыңгайлуу коопсуздук чөйрөсүн түзүүнүн негизги куралы катары колдонуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK