КРдин Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдын 10-июлундагы маалыматтык билдирүүсү

2023-жылдын 6-июлунда Германиянын маалымат каражаттарында Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде Криминалдык полиция башкармалыгынын катышуусунда Федералдык Криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан 7 чет элдик, анын ичинде Түркмөнстандын 1 жараны, 5 Тажикстандын жана 1 Кыргызстандын жараны К.А кармалганы тууралуу макала жарыяланган.

Айыпталуучулар Германияда террордук уюмду түзүүгө шектелип, ошондой эле тыюу салынган чет элдик "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон деп айыпталууда. 

Жакынкы күндөрү жогоруда аталган кармалган жарандарга карата соттун чечими күтүлүүдө.

Учурда Германиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги бул иштин маңызы боюнча Германиянын Федералдык полициясынын өкүлдөрү менен тыкыз байланышта.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK