КРдин Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов башында турган КР ЖКнын делегациясы Россия Федерациясынын Новосибирск облусуна жумушчу сапар өткөздү

2021-жылдын 30-сентябрынан 3-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Россия Федерациясынын Новосибирск облусуна жумушчу сапары өткөзүлдү. Кыргыз делегациясынын курамына депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов киришти.

Визиттин алкагында 2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Россия Федерациясы жана анын региондору менен, анын ичинде ЕАЭБдин чегинде мамилелерди бекемдөө маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл миграция саясаты жана Новосибирск облусунда жүргөн кыргыз жарандарынын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселелерине бурулду.

Ошондой эле, 2021-жылдын 30 -сентябрында Төрага Талант Мамытов башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Россия Федерациясынын Новосибирск, Томск жана Кемерово облустарында жашаган мекендештер менен жолугушту.

2021-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы Алтай Республикасына барып, сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасы Олег Хорохордин жана Алтай Республикасынын Эл-Курултай - мамлекеттик кеңешинин төрагасы Артур Кохоев менен жолугушуу жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Алтай Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана туризм чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Алтай Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, Кыргызстан менен Алтай элдеринин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарынын жакындашуусуна салым кошкон илимий жана маданий платформаларын кеңейтүүгө биргелешкен аракеттерди жандандыруу маанилүү экендигин баса белгиледи. Алтай цивилизациясынын мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында Төрага Талант Мамытов Горно-Алтайск шаарына «Алтай цивилизациясы» борборун биргелешип курууну сунуштады.

Мындан тышкары, Талант Мамытов Манастын эстелигин орнотуу үчүн Горно-Алтайск шаарынан жер бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Өз кезегинде Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасы Олег Хорохордин кыргыз тараптын сунуштары эске алынат деп ишендирди жана Алтай тарап кызматташтыкты күчөтүү аркылуу боордош кыргыз эли менен ар тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Маданият жана туризм жаатында жана Кыргыз Республикасы менен Алтай Республикасынын ортосунда түз аба каттамдарын түзүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз делегациясынын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, ошондой эле Горно-Алтайск мамлекеттик университетинде окуган Кыргызстандан келген студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK