КРнын Башкы консулу А.Айдарбеков Новосибирск мамлекеттик аймактык илимий китепканасынын директору С.А.Тарасова менен жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 25-апрелинде КРнын Башкы консулу А.Айдарбеков Новосибирск мамлекеттик аймактык илимий китепканасынын директору С.А.Тарасова менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында Башкы консулдук менен Новосибирск облусунун илимий китепкананын өз ара аракеттенүүсү жана 2024-жылында биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, Ч.Айтматовдун Эл аралык Ысык-Көл форумунун «Ч.Айтматовдун дүйнөгө жана адамзатка кошкон салымы» деп аталган секцияларынын бирин Новосибирск мамлекеттик областтык илимий китепканасынын базасында Кыргыз Республикасынын жана Новосибирск облусунун маданият, илим өкүлдөрүнүн жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөчүлөрүнүн катышуусунда өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.А.Айдарбековдун демилгеси менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, облустук илимий китепкананын базасында кыргыз эли менен Россиянын ортосундагы байланыштын тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Мындан тышкары Новосибирск мамлекеттик областтык илимий китепканасынын базасында кыргыз тилин үйрөнүү боюнча акысыз курстарды ачуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Башкы консулдук менен облустук илимий китепкананын 2024-жылга карата өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттары белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK