КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев жана Чикаго шаарынын Вице-мэри Самир Маекар экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин жана зарылдыгын ырасташты

2022-жылдын 20-декабрында Чикаго шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Болотбек Борбиев менен Чикаго шаарынын экономикалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча Вице-мэри Самир Маекар мырза жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, инвестиция, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле Чикаго шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция жана туризм тармагындагы бир катар перспективдүү долбоорлорду кароого даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле экономикалык дипломатия чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

     312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK