КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда кыргыз коомдук диаспора уюмдарынын катышуусу менен өткөн жыйыны жөнүндө пресс-релизи

2020-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда Свердлов облусундагы кыргыз коомдук диаспора уюмдарынын лидерлери менен активисттери, Екатеринбург шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери, ошондой эле консулдук мекеменин кызматкерлеринин катышуусу менен жалпы жыйын болуп өттү. 

Башкы консул Руслан Бийбосунов жыйындын катышуучуларына КР Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы №139 КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо жөнүндө Жарлыгы тууралуу маалымдады. 

Ошондой эле, мыйзамдардын талабына ылайык, Урал федералдык округунун Свердлов, Челябинск, Тюмень, Курган облустарында, ошондой эле Ямало-Ненецк автономдук облусунда жашаган/жүргөн КР жарандары добуш бериши үчүн Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда шайлоо участкасы уюштурула тургандыгын айтты.

Буга байланыштуу Участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) курамына талапкерлерди тандап, шайлап алууну сунуштады. 

Андан тышкары, Р.Бийбосунов мекендештерди Кыргызстандын жарандарынын арасында шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык каттоодон өтүү зарылдыгы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. 

Жыйындын катышуучулары УШК курамына талапкерлерди сунуштап, аларды шайлап алышты. Андан кийин УШК мүчөлөрү алгачкы чогулушун өткөрүп, анын жүрүшүндө Комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлап, анын ишмердигинин бир катар маселелерин талкуулашты. 

Башкы консул мекендештерди Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле дипломатиялык жана консулдук мекемелердин өлкөнүн медициналык мекемелери үчүн жардам алып келүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, аларды четте калбай, бул процесске кол кабыш кылууга чакырды. 

Жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлерине адамдардын өмүрүн сактоого арналган күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы менен куттукташты. ​

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK