КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий кечеге катышты

2022-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университеттин (андан ары УрФУ) колдоосу менен бул окуу жайдын кыргызстандык студенттер коомчулугу тарабынан уюштурулган Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий кечеге катышты.     

Иш-чаранын жүрүшүндө окурмандар сынагы өтүп, анда Ч.Айтматов жөнүндө, анын чыгармаларынын каармандары тууралуу акындардын ырларынан үзүндүлөр окулду. Иш-чара жазуучунун өзү жөнүндө жана анын чыгармаларынын негизинде тартылган документалдуу жана көркөм тасмалардын үзүндүлөрүн көрсөтүү менен коштолду.   

Башкы консулдуктун кызматкери өз сөзүндө улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын өзгөчө белгилеп, иш-чараны уюштургандары үчүн студенттерге жана университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Кечеге УрФУтинин студенттери, мекендештердин диаспоралык уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.     

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK