КРнын Германиядагы Элчиси Ө.Текебаев Бундестагдын «Германия — Борбор Азия» парламенттик тобу менен жолугушту

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын менен бирге Германиянын Бундестагындагы «Германия-Борбор Азия» парламенттик тобунун жаңы курамы менен болгон жолугушууга катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кырдаал, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Ө.Текебаев өлкөбүздү өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, Бундестагдын депутаттарын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK