КРнын Германиядагы Элчиси Ө.Текебаев Германиянын жаратылышты коргоо союзунун аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолугушту

2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө НАБУнун Кыргызстандагы көп жылдык жемиштүү ишмердүүлүгү, учурдагы жана жаңы долбоорлор талкууланды.

Мындан 100 жылдан ашык мурун түзүлгөн НАБУ Германиядагы эң ири экологиялык бейөкмөт уюм болуп саналып, 1994-жылдан бери Кыргыз Республикасы менен экологиялык коопсуздук, био ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн коргоо жаатында жигердүү кызматташып келе жаткандыгы белгиленди. НАБУнун алгачкы долбоорлорунун бири 1998-жылы Ысык-Көл биосфералык аймагын түзүүгө колдоо көрсөтүүсү болгон.

Тараптар кыргыз элинин символдорунун бири болгон ак илбирстин популяциясын сактоодо жана коргоодо НАБУнун өзгөчө ролун баса белгилешти. Кыргыз Республикасында ак илбирсти коргоо боюнча НАБУ долбоорлору бир кезде улуу жазуучу Ч.Т.Айтматовдун, КР экс-президенти Р.И.Отунбаеванын жана башка инвестициялык инсандардын колдоосу астында ишке ашырылган.

Элчи Өмүрбек Текебаев белгилегендей, ушул жылдын 27-июнуна пландалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы НАБУнун ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды реабилитациялоо демилгеси жаңы борборунун жана Эко-билим берүү борборунун расмий ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп атоо демилгеси менен толугу менен дал келет.

НАБУнун аткаруучу директору Л.Миллер белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Бишкекте НАБУнун Кыргызстандагы филиалынын ачыгандыгынын 10 жылдыгы белгиленип, ага Л.Миллер жеке катышууну да пландап жатат.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 30-июнунда Германиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын улуттук иш-чарасын өткөрүүнү пландаштырып жатканын билдирди. Ал ищ-чаранын жүрүшүндө кыргыз-герман мамилелеринин эң ийгиликтүү жана жемиштүү багыттарына кирген Кыргызстан менен НАБУнун кызматташтыгы тууралуу презентация көрсөтүү пландаштырылган.

Жылдар бою НАБУ Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келүүдө жана бул ишмердүүлүк биздин ата-бабаларыбыздын осуяттарын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында чагылдырылган - табият менен таттуу мамиледе жашоо керектигин толугу менен камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK