Кыргызстандын Индиядагы Элчиси А.Исаев Индиянын Коргоо министринин орун басары А.Кумар менен жолугушту

2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев Индиянын Коргоо министринин орун басары А.Кумар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук жана аскердик-техникалык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өнүгүп жатканы өзгөчө белгиленди. Террордук коркунуч менен күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун аракеттерин координациялоодо БУУ борбордук ролду ойношу керек деген жалпы түшүнүк бар.

Элчи А.Исаев үзгүлтүксүз өтүп жаткан Канжар биргелешкен аскердик машыгууларынын, ошондой эле ШКУнун линиясы боюнча машыгуулардын маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз Республикасы менен Индиянын курсанттарынын ортосунда жыл сайын делегация алмашуу болуп турат жана ITEC аркылуу өнөктөштүк да абдан ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Министрдин орун басары А.Кумар Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты жогору баалады. ITEC линиясы боюнча окутуунун жогорку натыйжалуулугу жөнүндө кыргыз тараптын билдирүүлөрүн колдоо менен, бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар ошондой эле 2022-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK