КРнын АКШ жана Канададагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

2020-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) Администраторунун жардамчысынын орун басары Х.Пиедро менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана USAIDдин Кыргызстандагы программалык ишмердүүлүгү талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн катышуучулары USAID Кыргызстанга каржылык жана техникалык жардамдын өз убагындагы маанилүүлүгүн, эн биринчи кезекте COVID-19 кесепеттерин жоюуну белгилешти.

Тараптар кызматташууну өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторундагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө даярдыгын жана жаңы технологиялар жана заманбап өндүрүштөрү бар америкалык компанияларды тартуу менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK