КРнын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси А.Карагулов Кувейт Мамлекетинин Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ахмад Абделазиз Ал-Саадун менен жолугушуу өткөрдү
2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ахмад Абделазиз Ал-Саадун менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиевдин катын тапшыруу максатында жолугушуу өткөрдү.
Элчи А. Карагулов А. Ал-Саадунду Кувейттин Улуттук Жыйынынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасындагы учурдагы коомдук-саясий жараяндаржана жүргүзүлүпжатканэкономикалык реформалар тууралуу айтып берип, ошондой эле Элчиликтин кыргыз-кувейт мамилелеринин ар кайсы чөйрөлөрүндөгү жетишкендиктери тууралуу баяндама берди. Эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.
Өз учурунда Ахмад Ал-Саадун ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасы менен парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, анын ичинен эки өлкөнүн депутаттарынын ортосундагы Достук топтору аркылуу иш-сапарлар менен алмашууга кызыкдарлыгын белгиледи. Ошондой эле тараптардын саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык багыттардагы алакаларын өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин кубаттап, өзүнүн жеке салымын кошууга даярдагын тастыктады.