КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин Германияга иш сапары болуп өттү

Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинин демилгеси жана көмөгү менен 23-28-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин Германияга иш сапары болду.

Сапардын жүрүшүндө Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев германиялык ири компаниялардын, тактап айтканда, Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү, Саксония жана Бавария федералдык жерлеринин экономика министрликтери, Бавариянын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай министрлиги, Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын, "Staff-eye" (IT сектору), "Knauf", "DEG Invest" (финансы сектору), "Global GAP" (айыл чарба продукциясын сертификациялоо) "Wessling GmbH" (7 өлкөдө 24 лабораториясы бар дүйнөлүк аккредитацияланган лаборатория) компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев германиялык өнөктөштөргө энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, өнөр жай, инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы менен тааныштырды. Ошондой эле, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана өндүрүүчүлөрдүн жана инвесторлордун ишин жакшыртууга көмөктөшүүчү инвестициялык саясат чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди.

Сертификациясы Евробиримдиктин өлкөлөрүндө таанылган эл аралык лабораторияны Кыргызстанда ачуу маселелерин талкуулоо маанилүү болду.

Колдонулган дөңгөлөктөрдү жана медициналык буюмдарды кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу, айыл чарба тармагындагы адистер менен тажрыйба алмашуу жана башкалар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды жана макулдашууларга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK