КРнын РФдагы Элчилигинин жаңы коронавирустук инфекцияга каршы аракеттер боюнча маалыматтык билдирүүсү

2020-жылдын 19-мартында жаңы коронавирустук инфекцияга каршы аракеттер боюнча РФнын Мамлекеттик кеңешинин жумушчу тобунун жыйынынын жыйынтктары боюнча жана Россиянын аймагына чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө убактылуу чектөө боюнча чечимдин негизинде жана чет өлкөлүк жарандардын Россиянын аймагында туруу тартибин  мыйзамдаштыруу максатында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги өлкөдө туруу (миграциялык картанын) мөөнөтүн узартуу тууралуу чечимин кабыл алды:

- өлкөдө туруу (миграциялык картанын) мөөнөтүн узартуу иши  атайын себеп көрсөтүлгөн арыздын негизинде РФнын ИИМнин жакынкы бөлүмдөрүндө ишке ашырылат, миграциялык картага узартылды деген белги коюлат жана сүрөткө тартып, дактилоскопиядан өткөрүлөт;

- миграциялык карта жоголуп кеткен учурда, анын дубликаттар берилип, миграциялык каттоого коюлат.

Виза алууну керектебеген чет өлкөлүк жарандарга карата миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн административдик чыгаруу, депортация, реадмиссия  менен байланышкан административдик чаралар көрүлбөйт.

Ошондой чет өлкөлүк жарандарды кармоочу убактылуу жайлардагы жарандарды документтештирүу иштери да дипломатиялык жана консулдук мекемелер менен биргеликте ишке ашырылат.

Кошумча тактоочу маалымат алуу үчүн  КРнын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнө (Москва ш., Малая Полянка, 12 «А»), тел. 8(495)7807413, 8(495)7807410, 8(495)7807412, e-mail: pred.migras@mail.ru, ошондой эле КРнын РФдагы Элчилигине + 7 925 103 29 11 тел. кайрылууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK