КРнын Түштүк Кореядагы Элчилиги Кыргызстанды «6th Korea International Tourism Show» Эл аралык туристтик көргөзмөсүндө тартуулады

2021-жылдын 9-сентябрында Илсан шаарында (Түштүк Корея) 4 күндүк «6th Korea International Tourism Show» эл аралык туристтик көргөзмө  ачылды. Аталган көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кыргызстанды презентациялоодо. Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова көргөзмөнүн ачылышына катышып, анын алкагында «Smart Tourism» концепциясын жайылтуу маселелери талкуланды, ошондой эле Элчи Кыргызстандын туристтик потенциалын Түштүк Кореяга илгерилетүү боюнча уюштуруучулар менен жолугушуп, атап айтканда уюштуруучу комитетинин төрагасы Чан Су Чжон мырза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ачылыш аземинде Уюштуруу комитетинин төрагасы Чан Су Чжон мырза бул иш-чара COVID-19 шарттарында акылдуу туризм кызматтарына суроо-талаптардын өсүшүнө байланыштуу жана туристтик индустрияда санариптик трансформация үчүн негиз түзүүгө арналганын белгиледи. Анын айтымында, көргөзмө туризм тармагындагы мындай инновациялык контент быйыл биринчи жолу өтүп жатат.

Аталган көргөзмөнүн жүрүшүндө Элчилик Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеороликтердин көрсөтүүдө, Кыргызстан жөнүндө китепчелерди таратууда, ошондой эле кыргыз элинин кооз жаратылышы жана бай маданияты тууралуу фото көргөзмөсүн уюштурууда.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы тартууланууда, тактап айтканда, кыргыздын бал, нуга, шоколад жана кийизден жасалган буюмдары көргөзмөдө тартууланууда.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги каалоочуларды 12-сентябрына (жекшемби) чейин достор жана үй-бүлө менен Кыргызстандын павильонуна (А-04) келип кетүүгө чакырат.

Маалымат үчүн: Бул көргөзмөгө Түштүк Кореянын 97 жергиликтүү бийлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасын менен 14 чет мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK