КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕБнын КРдагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, Элчи Эдуард Ауэрди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

2022-жылы 14-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, Элчи Эдуард Ауэрди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-европа мамилелеринин абалы жана келечеги, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.

Тараптар ошондой эле Көп жылдык индикативдик программанын алкагында мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолушту.

Мындан тышкары эл аралык жана аймактык саясат жана коопсуздук маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Элчи Ауэрге Бишкектеги жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Элчи Ауэр дипломатиялык миссиясы учурунда кыргыз тараптын колдоосун ар дайым сезип келгенин белгиледи. Европалык дипломат Кыргызстан Евробиримдиктин артыкчылыктуу өнөктөшү экендигин айтып, эки тараптуу кызматташуунун олуттуу дараметин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK