КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франциянын КРдагы Элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды

2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кызматташтыкты мындан ары активдештирүү максатында министр Ж.Кулубаев бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча инвестициялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында Франциянын элчиси EDF (Electricite de France) мамлекеттик компаниясы жана анын Кыргызстан менен кызматташуу пландары тууралуу кеңири маалымат берди.

Министр Ж.Кулубаев өлкөнүн келечектүү гидроэнергетикалык потенциалына токтолуп, стратегиялык маанидеги долбоорлорго ири инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK