КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин КРдагы Элчиси (айкалыштыруу менен) Омар Ахмед Аль-Кандари мырзанын Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2023-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж. Кулубаев Кувейт Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (айкалыштыруу менен) Омар Ахмед Аль-Кандари мырзанын Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев Элчи Омар Ахмед Аль-Кандарини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Элчи Омар Ахмед Аль-Кандари жылуу кабыл алгандыгы үчүн Министрге ыраазычылык билдирип, ортодогу бир туугандык мамилелерди мындан ары жогорку деңгээлге алып чыгуу үчүн зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий,
соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Ошондой эле Кыргыз-Кувейт өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо максатында, Кыргызстанда Кувейт Мамлекетинин Элчилигин ачуу, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасында жигердүү иш алып барып жаткан Кувейт Мамлекетинен каржыланган кайрымдуулук фонддордун ишмердүүлүгү канааттануу менен белгиленип, кувейттик кайрымдуулук жардамды мындан ары арттыруунун жана алардын ишмердүүлүгүн координациялоонун жолдору талкууланды.

Тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн биргеликте аракеттенип, ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK