КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту

2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Т.А.Сариев менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы экономикалык дипломатияны илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү, ата мекендик ишкерлерге зарыл колдоо көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүн көбөйтүү, чет өлкөлөрдө ата мекендик соода үйлөрүн ачуу, приоритеттүү тармактарына чет элдик инвесторлорду тартуу, ички жана тышкы бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча толук пикир алмашуу болуп өттү.

Тараптар эки мекеменин ортосунда ушул форматта үзгүлтүксүз жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүп турууну макулдашышты.

Жолугушунун соңунда, КР Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев КР Соода-өнөр жай палатасынын жаңыланган жетекчилиги Кыргыз Республикасындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жигердүү иш жүргүзүүсүнө ишеним билдирип, КР Cоода-өнөр жай палатасынын жаңы Президенти Т.А.Сариевге ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK