КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев ИСЕСКОнун Башкы директору доктор Салим Аль-Малик менен жолугушту

2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Марокко Падышалыгынын борбору Рабат шаарында өтүп жаткан Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) Башкы конференциясынын кезектеги 43-сессиясына катышуунун алкагында ИСЕСКОнун Башкы директору доктор Салим Аль-Малик менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Артыкбаев Кыргызстан ИСЕСКО уюму менен тыгыз кызматташууга өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгилеп, тараптардын ортосундагы зор мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен жакынкы аралыкта Кыргызстандын билим берүү жана маданият тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулады.

Өз кезегинде Башкы директор С.Аль-Малик ИСЕСКОнун иш-чараларына Кыргызстандын жогорку деңгээлде активдүү катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын билим берүү жана маданият тармагында биргелешкен жаңы долбоорлорду жакынкы арада ишке ашырууга зарыл болгон чаралар көрүлө турганын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда А.Артыкбаев Башкы директор С.Аль-Маликти 2023-жылы Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: ИСЕСКО – Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү, илим, маданият жана коммуникациялар боюнча адистештирилген органы. Уюмдун штаб-квартирасы Марокконун Рабат шаарында жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK