КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Марокко Падышалыгынын Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар министри Абдуллатиф Миравий менен жолугушту

2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Марокко Падышалыгынын борбору Рабат шаарында өтүп жаткан Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) Башкы конференциясынын кезектеги 43-сессиясына катышуунун алкагында Марокко Падышалыгынын Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар министри Абдуллатиф Миравий менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Артыкбаев эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамилелерин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Марокко Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоорун марокко тараптын кароосуна тапшырды.

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн ортосунда билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешип, Кыргызстандык студенттерди Маарокконун жогорку окуу жайларында окутуу үчүн гранттык орундарды бөлүү сунушу айтылды.

Өз кезегинде Марокко министри А.Миравий Кыргызстан менен билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, бул жаатагы мамилелерди өнүктүрүүгө зарыл болгон бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда А.Артыкбаев Марокко министри А.Миравийди өзүнө ынгайлуу убакта Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK