КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Марокко Падышалыгынын Тышкы иштер, африкалык кызматташтык жана чет жактагы марокколуктар министри Насер Бурита менен жолугушту

2022-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Марокко Падышалыгынын борбору Рабат шаарында өтүп жаткан Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) Башкы конференциясынын кезектеги 43-сессиясына катышуунун алкагында Марокко Падышалыгынын Тышкы иштер, африкалык кызматташтык жана чет жактагы марокколуктар министри Насер Бурита менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулашып, алардын ичинде биринчи кезекте укуктук келишим базаны бекемдөөнү, ошондой эле жакынкы мезгилде тышкы иштер министрликтери аралык саясий кеңешмелерди өткөрүүнү, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Мындан тышкары тараптар ортодогу соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга түрткү берүү максатында жакынкы келечекте эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда бизнес форумдарды, көргөзмөлөрдү жана борбор шаарларда маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде Марокко министри Н.Бурита Кыргызстан менен бардык тармакта тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө зарыл болгон бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда А.Артыкбаев Марокко министри Н.Буританы өзүнө ынгайлуу убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK