КРдин Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги ШКУ Өзбекстандагы элдик дипломатия Борбору менен биргеликте Ташкенттин сүрөттөр үйүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүн уюштурду

2022-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өзбекстандагы  элдик дипломатия Борбору менен биргеликте Ташкенттин сүрөттөр үйүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 94 ​​жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Фотокөргөзмөдө Чынгыз Айтматовдун уулу, жазуучунун Үй-музейинин жетекчиси Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун сейрек сүрөттөр көрсөтүлдү.

Фотокөргөзмөнү салтанаттуу ачуу алкагында саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев, ШКУнун элдик дипломатия Борборунун директору Кобилжон Собиров, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси Анвар Абдухалимов, Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Джаббаров жана башкалар чыгышты.

Элчи М. Джаманбаев өз сөзүндө чыгармачылыгы кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы руханий көпүрө болгон улуу жазуучу Ч.Айтматовдун кайталангыс талантын белгилеп, ошондой эле Өзбекстанда Ч.Айтматовдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына өзгөчө аяр мамиле кылынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Фотокөргөзмөнүн ачылышында илимий чөйрөнүн, Өзбекстан жазуучулар Уюшмасынын өкүлдөрү, мекендештер, массалык маалымат каражаттары да катышты.

Сүрөт көргөзмө 2022-жылдын 17-декабрына чейин уланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK