Куала-Лумпур шаарында кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

2024-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча Башкы катчысынын орун басары Ахмад Розиан бин Абд. Гани менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду кеңейтүү, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери талкууланды. 

Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти жана мындан ары да экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүгө басым жасоо менен кыргыз-малайзия мамилелерин чыңдоо үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK