Куба тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Куба Республикасынын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья менен телефон аркылуу сүйлөштү

2021-жылдын 10-мартында куба тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Куба Республикасынын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз ара кызыгуу жараткан маселелер боюнча достук мамилелерди бекемдөөнүн, ошондой эле Кубанын Евразиялык экономикалык биримдигинде байкоочу өлкө статусун алышын эске алуу менен, кызматташуунун жаңы келечектүү багыттарын издөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.         

Министр Р.Казакбаев саламаттык сактоо, туризм, спорт жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө тажрыйба менен алмашуу боюнча көнкреттүү долбоорлорду аныктоонун зарылчылыгын белгиледи. Тараптар ошондой эле соода жаатындагы мамилелерди кеңейтүүгө даярдыгын билдиришти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө көп тараптуу аянтчалардын алкагында  кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Маектешүүнүн  аягында министрлер Кыргызстан жана Кубага келип кетүү чакыруусу менен алмашышты. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK