Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

2020-жылдын 17-июнунда Минск шаарында Беларустук мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинде “Биздин биргелешкен Жеңишибиз” аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Бул көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына арналган майрамдоонун алкагында, КМШнын уставдык жана башка органдарынын Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Туркмөнстандын, Өзбекстандын Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн демилгеси менен уюштурулган.

Аталган экспозиция Беларустук мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинин жана “Брест-баатыр чеп” атту Мемориалдык комплексинин жардамы менен даярдалып, КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңишке кошкон салымы тууралуу чагылдырды.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземинде КМШнын Аткаруучу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – аткаруучу катчысы В.Гуминский, Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Дапкюнас, Беларусь Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басары Н.Карчевская, Минск шаардык аткаруу комитетинин жана Беларустук мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинин өкүлдөрү катышышты.

2020-жыл Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75-жылдыгы деп жарыяланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK