Кыргыз-Австриялык саясий консультациялар өткөрүлдү

2024-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Австрия Республикасынын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин ортосунда саясий консультациялар болуп өттү.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми австриялык делегацияны Австриянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия менен кызматташуу департаментинин Башкы директору (Министрдин орун басарынын рангында) Герхард Зайллер жетектешти.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы «жашыл» экономика, климат жана тоо кызматташтыгынын күн тартиби жаатындагы маселелерге бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө делегация башчылары келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, консулдук маселелер жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү темасына токтолушту.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Афганистан, Украина жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK