Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ядролук куралдан эркин аймакты түзүү жөнүндө келишимде төрагалык кылууну ийгиликтүү аяктады

Ушул жылдын 22-декабрында видеоконференция форматында кыргыз тараптын төрагалыгынын астында Борбордук Азиядагы ядролук куралдан эркин аймакты түзүү жөнүндө келишимге катышуучу-мамлекеттердин кезектеги Консультативдик жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз зонада төрага катары өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди, ошондой эле Келишимди бекемдөө жана институционалдык өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди.

Жолугушуунун катышуучулары башка ядролук куралсыз зоналар менен зоналдык да, башка дүйнөлүк ядролук куралсыз зоналар менен эл аралык да кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча конструктивдүү пикир алышты.

Мындан тышкары, Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкөлөр көп тараптуу платформаларда илгерилетилип жаткан демилгелерди, ошондой эле ядролук куралсыздануу жана жайылтпоо маселелерине актуалдуу мамилени көрсөтүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучу-мамлекеттер тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып Келишимге төрагалык кылууну Тажикстан Республикасына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK