Кыргыз Республикасы менен Болгария Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин башчылары өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо-каттары менен алмашышты

2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Болгария Республикасынын Тышкы иштер министри Теодора Генчовска өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата  куттуктоо-каттары менен алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоосунда мындай деп белгиленет:

«Сизге кыргыз-болгар мамилелеринин тарыхындагы маанилүү дата болгон дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу жылуу куттуктоолорумду жолдоого уруксат этиңиз.

Кызматташтыктын өткөн жылдарында биз өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду курууга, өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого бекем негиз түзө алдык.

Кыргызстан менен Болгариянын зор, бирок толук кандуу ишке аша элек кызматташуу потенциалы бар экендиги талашсыз, аны тышкы саясий ведомстволорубуздун биргелешкен аракеттери аркылуу жаңы деңгээлге чыгаруу сунушталат».

Болгария Республикасынын Тышкы иштер министри Теодора Генчовсканын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Болгария Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду билдирем.

Биздин министрликтердин ортосундагы диалог мындан ары да өнүгүп, болгар-кыргыз мамилелеринин жемиштүү кызматташтыгына жана эки элдин гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK