Кыргыз Республикасына Италия Республикасынын бизнес делегациясы келди

2023-жылдын 26-апрелинен тартып 28-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаев жана Кыргыз Республикасынын Беневенто шаарындагы жаңы дайындалган Ардактуу консулу Антонио Кастиелло баштаган италиялык бизнес-делегация Бишкек шаарында иш сапары менен болду.

Иш сапардын максаты Кыргыз Республикасындагы бизнес чөйрөнү жана келечекте бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, ошондой эле эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда байланыштарды түзүү болду.

 Италиянын бизнес-делегациясы: жашыл курулуш, технологиялык системаларды өндүрүү, энергетика (калыбына келүүчү энергия булактары), инфраструктуралык объектилерди куруу, мода индустриясы ж.б. чөйрөлөрүнөн түзүлгөн.

 Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте, “Бишкек” ЭЭЗинде, “Кыргызиндустрия” АКсында жана “Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду” ААКсында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында жолугушуулар уюштурулду. Италиялык делегацияга Кыргыз Республикасынын инвестиция, экспорт, туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өнөр жай жана курулуш тармагындагы бир катар долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

 Бул иш-чаранын алкагында белгилүү италиялык дизайнер А.Ламбиази «Жаш дизайнерлердин платформасы» сынагын өткөрүп, анда 7 окуу жайы үлгүлүү эмгектерин, ошондой эле жаш дизайнерлер өз эмгектерин тартуулашты.  Италиялык дизайнер жаш сынактын катышуучуларынын жөндөмдүүлүктөрүн жогору баалап, «Евразиялык бизнес клуб» ЮЖБнын өкүлдөрү менен өз ара кызматташууну түзүүнү макулдашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы боордош шаар мамилелерин өнүктүрүү максатында Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Умаров менен Камполи-дель-Монте-Табурно шаарынын (Беневенто провинциясы) мэри Г.Т.Никола менен жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки Тараптын ортосундагы соода-экономикалык, илимий жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү эки шаардын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү ниети тууралуу протоколго кол коюлду. Эки тараптуу кызматташтык ошондой эле жогоруда аталган багыттар боюнча конференцияларды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди биргелешип уюштурууну камтыйт.

Жолугушуулардын жыйынтыгында да биргелешкен иш-чараларды баштоо максатында Кыргызстандын делегациясынын Италияга сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK