Кыргыз Республикасынын абитуриенттери үчүн Омск жана Томск шаарларынын жогорку окуу жайлардын онлайн презентациясы жөнүндө

2024-жылдын 5-июнунда КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу КРнын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун жардамы менен Омск жана Томск университеттеринин өкүлдөрүнүн КРнын Нарын, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп бүтүрүүчүлөр жана окутуучулар менен онлайн жолугушуусун уюштурду.

Маалымат үчүн: Жолугушууда Омск шаарындагы - ОмГТУ, ОмГУ, ОмГПУ, ОмГМУ, СибГАДУ, СибГУФКС, СИБИТ, ОмГА, СибГМУ, жана Томск шаарындагы - ТГУ, ТПУ, ТГПУ, ТГАСУ и ТУСУР ири университеттеринин өкүлдөрү презентациясы менен катышышты.

Жолугушууда Омск жана Томск шаарларынын жогорку окуу жайлары өздөрүнүн окуу жайларынын факультеттеринин жана окуу багыттарынын кеңейтилген презентациясын өткөрүп, билим берүүнүн бюджеттик формасына кирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Жогорку окуу жайлардын жетекчилиги абитуриенттерди жатакана менен камсыз кылууга, ошондой эле студенттердин миграциялык документтери менен байланышкан маселелерди чечүүгө жана мыкты студенттерге стипендия берүүгө даяр экени айтылды.

Ошондой эле, аталган окуу жайлардын өкүлдөрү каалоочулар ЖОЖдордун сайттары аркылуу онлайн режиминде документтерин тапшырып, же 2024-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин Бишкек шаарында К.Баялинова атындагы Республикалык китепкананын имаратында өтө турган кирүү сынактарына түз катыша ала тургандыктарын билдиришти. Учурда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Омск жана Томск университеттеринин Бишкек шаарына кабыл алуу комиссияларын иш-сапарын уюштуруу маселесин аткарууда.

Онлайн-презентация Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жардамы менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын 10-миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK