Кыргыз Республикасынын Араб Эмираттарындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин Протокол иштери боюнча министринин орун басарынын жардамчысы Шихаб Аль Фахимге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

2020-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Араб Эмираттарындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин Протокол иштери боюнча министринин орун басарынын жардамчысы Шихаб Аль Фахимге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Шихаб Аль Фахим Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчиси катары дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады.

Абдилатиф Жумабаев эки тараптуу кыргыз-эмираттык мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күчүн жумшоого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK